Ош мамлекеттик университетинин “Педагогика жана карьера” борборунун демилгеси менен институттардын, факультеттердин жана колледждердин практика жетекчилери менен жыйын уюштурулду.
Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:
* Студенттердин практикаларын сапаттуу уюштуруу
* Усулчулардын ишмердүүлүгү жана мектептердеги иш-чаралар
* Электрондук күндөлүктү киргизүү жана колдонуу
* Дуалдык окутууну өнүктүрүү
* Практиканы өркүндөтүү боюнча сунуштар
Бул иш-чара окуу процессин иш жүзүндө натыйжалуу уюштуруу жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу үчүн маанилүү кадам деп эсептейбиз.