ОшМУ Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун Стоматология бөлүмү 2025–2026-окуу жылын томондогудой таризде башташты.
05:14
11-09-2025
4
1.Окуу процессин уюштуруу
Стоматология бөлүмүнүн окуу программаларын жаңылоо жана бекитүү:
Клиникалык дисциплиналар боюнча ординатура программаларын заманбап талаптарга ылайык жаңыртуу.
Эл аралык стандарттарды жана акыркы илимий жетишкендиктерди эске алуу.
Электрондук ресурстарды жана санариптик платформаларды киргизүү.
Ординаторлорду каттоо жана кабыл алуу иш-чаралары:
2025–2026-ж.ж. үчүн кабыл алуу планын түзүү.
Абитуриенттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү (сайт, социалдык тармактар, маалыматтык жолугушуулар).
2.Клиникалык ишмердүүлүк
Ординаторлордун практикалык билим алуусун өркүндөтүү үчүн:
Ординаторлордун практикалык билим алуусун өркүндөтүү үчүн:
ОшМУнун клиникалык базаларында практикаларды өткөрүү.
Шаардык жана республикалык ооруканалар менен кызматташуу.
Симуляциялык борборду активдүү пайдалануу.
3.Илимий-изилдөө иштери
Ординаторлордун илимий иштерин колдоо:
Дискуссиялык семинарларды жана илимий жыйындарды уюштуруу.
Жаш адистерди конференцияларга катышууга тартуу.
Публикацияларды даярдоого багыт берүү.
4.Квалификацияны жогорулатуу
Клиникалык насаатчылар үчүн окутуу семинарлары жана тренингдер.
Эл аралык тажрыйбаларды киргизүү (онлайн вебинарлар, мастер-класстар).
Ординаторлор үчүн soft skills (коммуникация, медициналык этика, бейтап менен иштөө) сабактарын киргизүү.
5.Сунуштар жана талкуулар
Жаңы окуу жылын баштоонун алдында бөлүмдүн башчысы, клиникалык насаатчылар жана окутуучулар менен жыйын өткөрүү.
Программаларды жаңылоо боюнча сунуштарды чогултуу.
Ординаторлордун муктаждыктарына ылайык жаңы модулдарды кошуу (имплантология, эстетикалык стоматология, заманбап протездөө ж.б.).