ОКУУ ЖАЙГА ЖАҢЫ ИМАРАТ КУРУУ ҮЧҮН ЖЕР ТИЛКЕ АЖЫРАТЫЛАТ
08:52
11-09-2025
6
Бүгүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов кайрылууга ылайык, ОшМУнун Өзгөн Эл аралык медициналык колледжине барды. Андагы шарттар менен жеринен таанышты. Аким окуу жайдагы аудиторияларды кыдырып, студенттер жана мугалимдер менен жолугушту. Жамаат көтөргөн маселелерди угуп, аларды чечүүгө көмөктөшөрүн билдирди.