Новости

Германиялык профессорлор ОшМУнун «Экология жана туруктуу өнүгүү» борборуна иш сапар менен келишти

2025-жылдын 10-сентябрында Германиянын Гамбург прикладдык илимдер институтунун профессорлору Marina Tropmann Frick, Martin Schultz жана Michael Gille Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялык институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын базасында Erasmus+ программасынын «Жашыл жана санарип университеттер» долбоорунун алкагында ачылган «Экология жана туруктуу өнүгүү» борборуна иш сапары менен келишти. ОшМУ боюнча аталган долбоордун координатору Абдувалиев Абдыганы борбордун мүчөлөрү менен тааныштырды. Аталган борбордун жетекчиси Абдыкааров Абдиманнап борбордун түзүлүшү, долбоордун алкагында жана ОшМУнун жетекчилигинин көмөгүндө жабдылган жабдуулар, кафедра тарабынан жабдылган библиотекалык фонду, борбордун аткарып жаткан жана келечектеги пландары жөнүндө маалымат берди. Долбоордун изилдөөчү тренери Ташбалтаева Шааркан жана Кубаныч уулу Жумабек каражаттардын иштөө механизми жана кайс максатта пайдалана тургандыгын практикалык түрдө көрсөтүп беришти. Долбоордун тренер-изилдөөчүсү Жунусалиева Элиза аталган борбордун билим берүү процессинде ийгиликтүү пайдаланылып жаткандыгы жөнүдө презентация жасады. Коноктор менен долбоордун мүчөлөрүнүн борбордун келечектеги иш планы, окуу процессинде экологиялык билим берүүнү тереӊдетүүнүн актуалдуулугу боюнча иштиктүү пикир алышуу орун алды.
164 04:48 17-09-2025

                 

Новости

|< 1 2 >|