Haber

Талды-Суудагы илимий экспедиция

2025-жылдын 12-14 сентябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окумуштуулары Алай өрөөнүнүн аймагында талаа изилдөө иштерин жүргүзүштү. Изилдөөнүн максаты: Алай районунун Памир-Алай айыл аймагындагы «Тел-Кум» талаа экосистемасын байырлаган келгин куштардын миграциялык жолдорун, фауналык жана флоралык изилдөө иштерин жүргүзүү болуп саналды. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган аймак өзгөчө корукка алынган аймактарга таандык эмес. Аймакта сейрек кездешүүчү коргоого алынган флоралык жана фауналык түрлөр жок экендиги тастыкталды. Бул изилдөө - «Тел-Кум» аймагына кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электростанциясын куруу долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.
168 11:12 17-09-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|