ОСМКБда 2025–2026-окуу жылынын №1 Окуу-методикалык кеңешинин отуруму өттү
05:53
19-09-2025
86
2025-жылдын 18-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүндө (ОСМКБ) 2025–2026-окуу жылынын №1 Окуу-методикалык кеңешинин (ОМК) отуруму болуп өттү.
Отурумду ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Р.Н. Арапбаев ачып, университеттин келечектеги өнүгүүсүнө токтолуп, ОСМКБ менен ОМКнын ишмердиги билим сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойноп жатканын белгиледи.
ОСМКБнын башчысы М.М. Былыкова 2024–2025-окуу жылындагы бөлүмдүн ишмердүүлүгү жана профессордук-окутуучулук курамдын жылдык рейтингинин жыйынтыгы боюнча комиссиянын отчетун сунуштады. Ошондой эле бөлүмдүн башкы адиси М.Б. Розыкова жана методист-координатору М.Т. Нурмаматова ОМК мүчөлөрүнүн курамын жана окуу-усулдук басылмаларды экспертизалоо боюнча комиссиянын курамын сунуштап, ОМК мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
Отурумда 2025–2026-окуу жылына карата ОСМКБнын жана структуралардын ОМКнин жылдык иш-пландары бекитилип, ПО курамдын ОМКна жана ишмердигинин даярдыгына мониторинг жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Бул отурум ОшМУнун сапаттуу билим берүү багытындагы аракеттерин бекемдеп, методикалык иштерди натыйжалуу координациялоого багытталган маанилүү кадам болду.