News

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар башталды

2025-жыл 23-сентябрда ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде окуу күнү өзгөчө маанилүү салтанат менен башталды. Биринчи сабакта студенттер жана окутуучулар биргеликте Мамлекеттик гимнди аткарып, иш-чара Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына арналган жетекчиликтин куттуктоосу менен уланды. Мамлекеттик тилдин маңызын жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында, ар бир танапис сайын ректордун буйругуна ылайык комуз күүлөрү жаңырып турат. Бул үчүн окуу жайдын имаратына атайын музыкалык аппаратуралар орнотулду. Жаш муундарга улуттук маданият менен руханий тарбияны сиңирүүнү көздөгөн бул кадам колледждин жалпы жамааты тарабынан кубаттоо менен кабыл алынды.
91 04:29 24-09-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|