News

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТ.

Мамлекеттик тилге макам берилген күнгө карата Өзгөн районунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. "МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТ. 23-сентябрь Мамлекетик тил макамын алган күн" аталышындагы райондук деңгээлдеги бул иш-чараны Өзгөн райондук маданият бөлүмү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдогу жана ар бир жарандын жашоосундагы мааниси, улуттук биримдикти бекемдөөдөгү ролу баса белгиленди. Колледждин студенттери жана маданият кызматкерлери кыргыз тилине арналган ырларды, сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулап, майрамдык маанайды арттырышты. Бул иш-чара кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалап, жаштарды анын тазалыгын сактоого жана өнүктүрүүгө үндөгөн чоң салым болду.
97 05:03 24-09-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|