КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АРДАК ГРАМОТАСЫ
04:37
26-09-2025
79
2025-жылдын 24-сентябрында Индустриалдык -педагогикалык колледждин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Жарматова Мукаддас Айтматовна “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын турмушка ашыруу багытындагы иш-чараларга активдүү катышып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.
Бул сыйлык — Мукаддас Айтматовнанын тынымсыз эмгегинин, кесипкөйлүгүнүн жана мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө болгон чын дилден берилген мамилесинин жогорку баасы.
Жарматова Мукаддас Айтматовнага чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана келечектеги иштеринде дагы чоң жетишкендиктерди каалайбыз!