News

"КЫРГЫЗ ТИЛИ - УЛУТТУК УҢГУБУЗ, МУУНДАР ОРТОСУНДАГЫ МУРАС, КӨПҮРӨ" АТАЛЫШЫНДАГЫ КЕРЕГЕ КЕҢЕШ

2025-жылдын 24-сентябрында Индустриалдык-педагогикалык колледждин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизинде «Кыргыз тили – улуттук уңгубуз, муундар ортосундагы мурас, көпүрө» аталышындагы кереге кеңеш уюштурулду. Иш-чара мамлекеттик тилдин макамын бекемдөө, жаш муундун тилге болгон кызыгуусун арттыруу, окутуучулар менен студенттер арасында тил маданиятын жогорулатуу жана муундар аралык руханий мурастын уланышын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү. Кереге кеңешке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, пед.и.к., доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна, ЭлТР телерадиокомпаниясынын саясий баяндамачысы Мырзакулова Майрам Мурзакуловна конок катары чакырылып, колледждин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери тууралуу сөз сүйлөп, ИПКнын директору Манашов Мирлан Эсенбаевичти ыраазычылык баракча менен сыйлашты. Ошондой эле, ОшМУнун ФжМАКИнин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филол.и.д., профессор Жамгырчиева Гулина Төлөбаевна «Уңгужолдун жалпы адамзаттык баалуулуктарга карай багыты» аталышында баяндама жасаса, ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик тил предметтик циклдык бирикмесинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай «Заманбап сабак өтүүнүн кызыктуу усулдары» боюнча баяндама жасады. Иш-чаранын алкагында эки багыттагы сынактар өткөрүлдү: «Сабаттуу бол» акциясы – окутуучулар арасында өткөрүлүп, алардын тил маданияты менен жазуу чеберчилигин өркүндөтүүнү көздөдү. «Китеп окуу» сынагы – студенттер үчүн уюштурулуп, окуу маданиятын калыптандырууга жана китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Жыйынтыгында сынактардын жеңүүчүлөрү колледж жетекчилиги тарабынан дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.
101 05:37 26-09-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|