ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары жана студенттер бирдиктүү катышып, тазалоо аракеттерин көрүштү. Ишембилик Ош шаарынын күнүнө карата жүргүзүлүүдө . Алар окуу имаратынын айланасын иретке келтирип, аудиториялар менен коридорлордо тазалашты.
Бул иш-чаранын максаты – факультетте таза жана жагымдуу чөйрө түзүү, жаштарды эмгекти сүйүүгө, жаратылышка жана коомдук жайларга аяр мамиле кылууга үндөө, Ош шаарын таза жана кооз кармоого салым кошуу болду.
Кафедра жамааты мындан тышкары студенттер жашаган жатаканаларга да барып, алардын жашоо-шарты менен таанышып, бөлмөлөрдү жыйноого көмөктөштү. Студенттер менен болгон баарлашууда тартипти сактоо, ынтымакта жашоо жана тазалыкка жоопкерчиликтүү мамиленин мааниси баса белгиленди.










