27-сентябрда ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде дагы бир ишембилик өткөрүлдү. Ага социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышышты.
Алар окуу корпусунун айланасын тазалап, бак-шактарды ирээтке келтирип, аудиторияларда жана коридорлордо тазалык иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын максаты – окуу жайда кооз жана таза шарттарды түзүү, жаратылышка жана коомдук мүлккө аяр мамиле кылууга үндөө.










