Новости

Институтта Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына карата спорттук иш-чаралар башталды

2025-жылдын 29-сентябрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Кокон хандыгынын белгилүү мамлекеттик ишмери Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына карата спорттун “Стол үстүндөгү теннис” жана “Жеңил атлетика” түрлөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдештин негизги максаты жана милдети: 1. Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгын даңазалоо; 2. Стол үстүндөгү теннис, жеңил атлетика оюндарын пропагандалоо; 3. Студенттердин ден-соолугун чындоо; 4. Стденттердин спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Студенттердин байланышын чындоо; 6. Студенттерди сергек жашоого үндөө; 7. Спорттун “Стол үсүндүгү теннис” жана “Жеңил атлетика” түрлөрү боюнча ЭБжМ институтунун балдар курама командасын жана кыздар курама командасын аныктоо болуп эсептелет. Аталаган спорттук иш-чара абдан кызыктуу өттү. Жеңүүчүлөр КЫЗЫКТЫРУУЧУ СЫЙЛЫКТАР менен сыйланышты.
37 02:30 30-09-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|