Жаш окутуучулардын ачык сабактары жана усулдук колдоо
08:11
30-09-2025
36
2025-жылдын 22-26-сентябрь күндөрү ИСП, КИиИК, КМИжГД жана МИОТББМ кафедраларынын асситент-стажерлору Мамаджанова Кылымгүл, Акжол уулу Нурболот, Топчубай кызы Гүлзина, Кайымова Луиза, Какеева Мырзайым, Турдукулов Сабыр, Раимбердиева Аида жана Исаева Аидалар ачык сабак өтүштү. Ачык сабакка тиешелүү кафедра башчылары, насаатчылар, институттун методикалык кеңешинин төрайымы жана ОСМКБнын методист-координаторлору катышышты. Жаш окутуучуларга усулдук жардам берип, аларды окутуучулук кызмат орунга сунушташты.