Новости

ОшМУда окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча семинар өттү

ОшМУнун Курулуш жана Айыл-чарба коллеждеринин окутуучулары үчүн окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча атайын окутуу семинары уюштурулду. Семинардын максаты — окутуучуларды окуу программаларын иштеп чыгуу жана окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча заманбап талаптар менен тааныштырууу. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга: Окутуу программасын түзүүнүн негизги принциптери Окуу-методикалык комплекстердин мазмуну жана түзүмү Методикалык камсыздоо бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди Семинарды Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн методист-координаторлору — Мейликан Нурмаматова, Айнура Камалова, Өмүркан Шаимкулова жана Бусанам Сайпидинова өткөрүштү. Окутуудан соң кызуу талкуу жүрүп, окутуучулар өз пикирлерин бөлүшүп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
20 08:24 30-09-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 >|