ОшМУда окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча семинар өттү
08:31
30-09-2025
17
ОшМУнун Курулуш жана Айыл-чарба коллеждеринин окутуучулары үчүн окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча атайын окутуу семинары уюштурулду.
Семинардын максаты — окутуучуларды окуу программаларын иштеп чыгуу жана окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча заманбап талаптар менен тааныштырууу.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга:
Окутуу программасын түзүүнүн негизги принциптери
Окуу-методикалык комплекстердин мазмуну жана түзүмү
Методикалык камсыздоо бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди
Семинарды Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн методист-координаторлору — Меликан Нурмаматова, Айнура Камалова, Өмүркан Шаимкулова жана Бусанам Сайпидинова өткөрүштү.
Окутуудан соң кызуу талкуу жүрүп, окутуучулар өз пикирлерин бөлүшүп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.