МФТИТ окутуучуларынын Сибирь федералдык университетинде өткөн конференцияга катышуусу
08:43
30-09-2025
33
23–26-сентябрь күндөрү МФТИТ институтунун доценти Н.К. Аркабаев жана улук окутуучу Г.С. Абдугулова Россия Федерациясынын Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетинин базасында өткөн IX Эл аралык илимий конференцияга онлайн форматта катышышты.
Конференциянын темасы:
«Билим берүүнү информатизациялоо жана электрондук окутуунун методикасы: билим берүүдөгү санариптик технологиялар».
Илимий иш-чаранын алкагында окутуучуларыбыз өз докладдары менен чыгып, активдүү катышышты.
Ошондой эле «Маалыматтарды санариптик трансформациялоо: билим берүүдөгү жасалма интеллект» аттуу 36 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, сертификаттарга ээ болушту.