ОШ МУДА МЫКТЫ САБАК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
07:12
01-10-2025
71
Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер департаменти тарабынан окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу максатында “Мыкты сабак” сынагы өткөрүлдү.
Сынакка ИПКнын филологиялык дисциплиналар циклынын окутуучусу Жаңылмырза Садык кызы активдүү катышып, II орунду ээледи. Мындан тышкары, сынактагы жеңүүчүлөр ар кандай даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.