ОШ МУДА МЫКТЫ САБАК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
07:12
01-10-2025
70
Ош мамлекеттик университетинде окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана мыкты педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу максатында “Мыкты сабак” сынагы өткөрүлдү. Бул сынак окутуучуларга сабак өтүүдө заманбап методикаларды колдонууга, педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүүгө жана билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды киргизүүгө шарт түзөт.
Сынактын жыйынтыгында Филологиялык дисциплиналар циклынын окутуучусу Жаңылмырза Садык кызы активдүү катышып, II орунду ээледи. Мындан тышкары, сынактагы жеңүүчүлөр ар кандай даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чаранын негизги максаты – мыкты сабак үлгүлөрүн аныктоо, аларды жайылтуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү болуп саналат.