Өзгөн медколледжинин студенттери улгайган жарандарга жардам көрсөтүштү
09:48
01-10-2025
91
Өзгөн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкерлери ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттик кеңеши жана акыйкатчы аппаратынын активдүү студенттери менен биргеликте социалдык маанидеги иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында студенттер жана социалдык кызматкерлер камкордукка алынган жашы улгайган, жалгыз бой жарандардын үй тиричилик иштерине жардам көрсөтүшүп, алардын күнүмдүк жашоосуна жеңилдик жаратууга салым кошушту.
Бул акция бир айга пландаштырылып, 1-октябрь — Карыялар күнүнө карата уюштурулду. Максат – улгайган муунга көңүл буруп, алардын турмуш шарттарын жеңилдетүү жана коомдо камкордук маданиятын өнүктүрүү болуп саналат.
Студенттер мындай иштер аркылуу коомго пайдалуу болууну, улууларга урмат көрсөтүүнү жана боорукерлик сыяктуу баалуулуктарды жаш курагынан тартып өздөштүрүп жатышканы кубанычтуу көрүнүш катары белгиленди.