Өзгөн медициналык колледжинин аксакал окутуучуларына урмат көрсөтүлд
10:28
01-10-2025
82
2025-жыл 1-октябр күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде билим берүү тармагына эмгегин арнап, көп жылдар бою жаш муунду окутуп-тарбиялап келген улуу муундагы окутуучуларга урмат көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин аксакал окутуучуларына ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыктарды колледждин директорунун м.а. Г.Сулайманова, директордун орун басары Э.Каримбаев жана кесиптик комитеттин төрайымы салтанаттуу түрдө тапшырып, ар бир окутуучуга ыраазычылык билдиришти.
Куттуктоо сөзүндө билим берүү тармагына кошкон зор эмгеги, жаш адистерди тарбиялоодогу салымы жана коомдук иштерге активдүү катышуусу белгиленип, аксакал окутуучуларга бекем ден соолук жана узак өмүр каалашты.
1-октябрь – Карылар күнүңүздөр кут болсун!
Ар дайым жайдары маанайда болуп, уул-кыздарыңыздардын сый-урматын көрүп жүрө бериңиздер!