ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери ББС кызматынын кабарчысы менен жолугушту
08:23
02-10-2025
57
2025-жылдын 2-октябрында ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика адистигинин студенттерине белгилүү журналист, Британдык ББС кызматынын Лондондогу кабарчысы, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Нияз Ташматов конок лекция окуду.
Лекция учурунда Нияз Ташматов студенттер менен дүйнөлүк медиадагы акыркы өзгөрүүлөр, фактчекингдин мааниси, эл аралык журналистиканын өзгөчөлүктөрү жана жаш адистер үчүн керектүү тажрыйбалар тууралуу ой бөлүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолорун берип, пайдалуу кеңештерди алышты. Бул жолугушуу жаш журналисттерге дем берип, келечектеги кесиптик максаттарын аныктоого чоң түрткү болду.