Startup Nation WEEK: Жасалма интеллект жана студенттик стартаптар жумалыгы Бишкекте
22–28-сентябрда Борбордук Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) Кыргызстандагы студенттер жана жаш ишкерлер үчүн эң ири иш-чаралардын бири болгон 5-жылдык юбилейлик Startup Nation WEEK болуп өттү.
Быйылкы программанын өзөгү жасалма интеллект (AI) темасына арналды. Катышуучулар заманбап инструменттерди (ChatGPT, Midjourney, Notion AI ж.б.) өздөштүрүп, идеяларын стартапка айлантып жана өздөрүнүн MVP-долбоорлорун даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жумалыкта катышуучуларды төмөнкүлөр күттү:
-
AIди бизнеске жана билим берүү долбоорлоруна практикалык колдонуу;
-
интенсивдүү воркшоптор жана командалык иш;
-
Demo Day АУЦАда — байгелерди утуп алуу жана долбоорлорду эл аралык деңгээлде таанытуу мүмкүнчүлүгү.
Иш-чарага 15тен ашуун эл аралык жана жергиликтүү менторлор катышып, студенттер үчүн тажрыйба алмашуу, колдоо жана шыктандыруучу атмосфера түзүп беришти.
Өзгөчө ийгилик — ОшМУнун Бизнес паркынан болгон студенттердин жетишкендиги. Хакатон алкагында студенттер өз долбоорлорун сунуштап, Кыргызстан боюнча берилген 400 долбоордун ичинен үч команда — D-arch, Smart Kitchen жана KATANA — финалга чыкты. Бул катышуучулар үчүн баалуу тажрыйба болуп, студенттик идеялар жогорку деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү экендигин дагы бир жолу далилдеди.
Startup Nation WEEK өз миссиясын дагы бир ирет көрсөттү — Кыргызстандын жаштары инновацияларын ишке ашырып, технология дүйнөсүндө өзүн көрсөтө ала турган аянтча экенин тастыктады.










