Новости

МФТИТ окутуучулары жана студенттери үчүн сүт безинин рагын алдын алуу боюнча эл аралык RITA долбоорунун алкагында тренингдер өткөрүлдү

МФТИТ институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн биргелешкен эл аралык RITA долбоорунун алкагында тренингдер өткөрүлдү 2025-жылдын 29-сентябрынан 15-октябрына чейин бекитилген планга жана графикке ылайык, “Кыргызстандын жаштарынын арасында сүт безинин рагын алдын алуу жана эрте диагностикалоо боюнча Польшанын тажрыйбасы” биргелешкен эл аралык RITA долбоорун ишке ашыруу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Негизги өнөктөш Быдгощ шаарындагы WSG экономика университети (Wyższa Szkoła Gospodarki), ишке ашыруучу уюм AZS WSG. Долбоор польшалык сүт безинин рагын алдын алуу ыкмаларын студенттердин өз алдынча диагностикалоо тренингине интеграциялоого жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын Ош облусунда коомдук саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө багытталган. 2025-ж. 29-сентябрында долбоордун катышуучулары - МИОТжББМ кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору А.О. Келдибекова (ИМФТИТ), кесиптештери улук окутуучу Дж.Р. Тойчуева (Филология жана маданияттар аралык байланыш институту), мед. илимд. кандидаты, доцент Ж.А. Абдирасулова жана окутуучу Бусурманкул кызы М. (Эл аралык медицина факультети) Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн окуу тренинг өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерди сүт безинин рагы оорусунун эпидемиологиясы, клиникалык белгилери жана коркунуч факторлору менен тааныштырышты. Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер муляждар менен иштөөнү үйрөнүштү жана өз алдынча текшерүү ыкмалары жана сүт безинин рагын алдын алуу боюнча окуу материалдары менен камсыз болушту. Жалпысынан иш-чарага физика-математика жана инженердик-техникалык адистиктер боюнча 16 окутуучу жана 27 бакалавриат тайпаларынан 370тен ашык студенттер катышып, Кыргызстандын жаштарынын сүт безинин рагын алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга көмөктөшүштү. #RITA #Region_in_transition #WSG_University #AZS_WSG #Osh_State_University #ИМФТИТ Обучающие тренинги для преподавателей и студентов ИМФТИТ проведены в ходе реализации совместного международного проекта RITA C 29 сентября по 15 октября 2025 г., согласно утвержденному плану и графику, проводится цикл мероприятий по реализации совместного международного проекта RITA «Польский опыт профилактики рака молочной железы среди молодежи Кыргызстана». Ключевым партнером выступает Университет экономики WSG (Wyższa Szkoła Gospodarki) г. Быдгощ, реализатором – общество AZS WSG. Проект направлен на внедрение польской методики профилактики рака груди в обучение студентов навыкам самодиагностики и, в целом, на развитие системы общественного здравоохранения в Ошской области Кыргызской Республики. 29 сентября 2025 г. участники проекта – заведующая кафедрой ТОМИиОМ, д.п.н. Келдибекова А.О. (ИМФТИТ), совместно с коллегами, старшим преподавателем Тойчуевой Дж. Р. (Институт филологии и межкультурной коммуникации), к.мед.н., доцентом Абдирасуловой Ж. А. (Международный медицинский факультет), преподавателем Бусурманкул кызы М. (Международный медицинский факультет) провели тренинг для преподавателей и студенческого коллектива Института математики, физики, техники и информационных технологий. В ходе мероприятия тренеры ознакомили обучающихся с эпидемиологией, клиническими признаками и факторами риска рака молочной железы. На практическом занятии студенты обучались методике работы с муляжами и были снабжены методическими материалами по методам самообследования и профилактике РМЖ. В мероприятии приняли участие 16 преподавателей и более 370 студентов из 27 групп бакалавриата физико-математических и инженерно-технических специальностей ИМФТИТ, что способствует повышению информированности молодёжи Кыргызстана в области профилактики рака молочной железы.
17 11:11 03-10-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|