Новости

ОшМУнун профессору математика, механика жана маалыматтык технологиялар боюнча Эл аралык конференцияда илимий баяндама жасады

ОшМУнун профессору – математика, механика жана маалыматтык технологиялар боюнча Эл аралык конференциянын катышуучусу Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде (КазНУ) «Математика, механика жана маалыматтык технологиялар» (ICMM&IT 2025) аттуу X Эл аралык илимий конференция болуп өттү. Бул форумга Россия, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Азербайжан, Италия, АКШ, Португалия, Япония жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн алдыңкы окумуштуулары катышышты. Ош мамлекеттик университетинин башкы илимий кызматкери, техника илимдеринин доктору, профессор Жаныбай Жусубалиев катышып, «Захват автоколебаний вибрационной машины с релейным и частотно-импульсным управлением» деген темада доклад жасап, ОшМУ жана КазНУнун кесиптештери менен биргеликте жүргүзүлгөн ири изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Бул иш Россиянын Түштүк-Батыш мамлекеттик университетинин (ТБМУ) Тегиз эмес системалардын динамикасы боюнча Эл аралык илимий лабораториясынын базасында аткарылган. Белгилей кетчү жагдай – бул Россиядагы дүйнөлүк деңгээлдеги жалгыз лаборатория болуп, тегиз эмес динамикалык системалар теориясына адистешкен. Ал 2020-жылы ТБМУнун эсептөө техникасы кафедрасынын базасында ОшМУ менен ТБМУнун кызматташуу келишиминин алкагында түзүлгөн жана Россиянын, Европанын, Латын Америкасынын жана Индиянын алдыңкы университеттеринин окумуштууларынын колдоосу менен иш алып барат. Жусубалиев Жаныбай Турсунбаевич – ОшМУнун ФМТИТ институтунун колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башкы илимий кызматкери, профессору. Анын бул конференцияга катышуусу Ош мамлекеттик университетинин жогорку илимий потенциалын жана кыргызстандык окумуштуулардын эл аралык илимий чөйрөдөгү маанилүү ордун дагы бир жолу тастыктады. Профессор ОшГУ – участник Международной конференции по математике, механике и информационным технологиям В Казахском национальном университете имени аль-Фараби (КазНУ) прошла X Международная научная конференция «Математика, механика и информационные технологии» (ICMM&IT 2025). Форум собрал ведущих ученых из России, Казахстана, Кыргызстана, Грузии, Азербайджана, Италии, США, Португалии, Японии и других стран мира. Ошский государственный университет достойно представил главный научный сотрудник, доктор технических наук, профессор Жаныбай Жусубалиев. В своем докладе на тему «Захват автоколебаний вибрационной машины с релейным и частотно-импульсным управлением» ученый осветил результаты масштабного исследования, выполненного совместно с коллегами ОшГУ и КазНУ. Работа проводилась на базе Международной научной лаборатории по динамике неравновесных систем Юго-Западного государственного университета (ЮЗГУ, Россия). Особое внимание заслуживает тот факт, что это единственная в России лаборатория мирового уровня, специализирующаяся на теории негладких динамических систем. Она была основана в 2020 году при кафедре вычислительной техники ЮЗГУ в рамках реализации договора сотрудничества между ОшГУ и ЮЗГУ и функционирует при поддержке ученых из ведущих университетов России, Европы, Латинской Америки и Индии. Жусубалиев Жаныбай Турсунбаевич – главный научный сотрудник, профессор кафедры прикладной математики, информатики и графического дизайна Института ФМТИТ ОшГУ. Его участие в конференции еще раз подтвердило высокий научный потенциал Ошского государственного университета и значимость кыргызстанских исследователей на международной арене.
15 11:16 03-10-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|