10–29-сентябрь аралыгында МФТИТ институтунун КМИГД кафедрасы жана ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан Өзбекстандын Андижан мамлекеттик университетинин “Компьютердик инжинерия” кафедрасынын окутуучулары үчүн атайын квалификацияны жогорулатуучу 144 сааттык курс уюштурулду.
Курстун темасы:
“Билим берүүдө инновациялар жана тенденциялар: Санариптик окутууда жаңы технологиялар жана алардын келечеги”
Курска 11 окутуучу катышып, 144 сааттык теориялык, практикалык сабактар, тренингдер өтүлдү. Окутуу онлайн жана офлайн форматтарында өттү.
Катышуучулар сынактан ийгиликтүү өтүп, квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушту.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын кызматташтыгын арттырууга жана санариптик билим берүү багытында адистердин билимин тереңдетүүгө чоң кадам болду!