Новости

"Кыргызстандын суу байлыгы" аттуу форумга кафедра окутуучулары жана студенттер катышты

Тогуздун айы, 3-күнү Ош мамлекеттик университетинде “Кыргызстандын суу байлыгы: Сыр-Дарья, Кара-Дарья жана Нарын дарыяларын келечек муун үчүн сактоо жана натыйжалуу пайдалануу” аттуу форум өтүп, ага каф.башчысы, г.и.к., доцент Шербаева З.Э. баш болуп, кафедранын окутуучулары, география, экология, ТББ адистиктеринде окуган студенттер кызуу катышты. Иш-чарада климаттын өзгөрүшүнө шартталган суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, Сыр-Дарья бассейниндеги суунун агымына климаттын тийгизген таасири, жаштардын туруктуу суу чарбасын өнүктүрүүдөгү салымы боюнча темалар талкууланды. Форумга мамлекеттик органдар, Улуттук илимдер академиясы, университеттер, эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, эксперттер, студенттер катышышты. "ФГ,КГ жана ТТК" кафедрасынын доценти, г.и.к., Обдунов Э.А. долбоордун эксперти катары баяндама жасап, көптөгөн суроолорго кеңири жоопторду берди.
54 00:52 04-10-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 >|