Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйыны болуп өттү
16:06
05-10-2025
62
2025-жылдын 16-сентябрь күнү жалпы Ош облусунун, райондорунун жана ЖОЖдорунун кезектеги отуруму Ош мамлекеттик университетинде болуп өттү. Жыйында ар тараптуу маселелер каралып, ар бир төрага-төрайымдар өз ойлорун билдирди. 2025-жылга түзүлгөн жылдык иш пландарды, документтердин жана сметанын көчүрмөлөрүн сентябрь айынында Ош облусундагы өкүлүнө тапшырыларын билдирип аткаруу иши Ош облунундагы өкүлгө жүктөлдү.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин бириккен кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ош облусундагы өкүлү, доцент А.Э.Саттаров 1-октябрь “Ардагерлер” жана октябрь айынын биринчи жумалыгы “Мугалимдер” күнүн белгилөөнү сунуштады. Бул иш-чараны төрага-төрайымдар колдоп, баардык райондордо жана жогорку окуу жайларда белгиленерин билдиришти.