Haber

ОшМУда “Мыкты сабак” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

ОшМУ да мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору тарабынан кыргыз тилин окутуунун заманбап технологиялары менен окутуу, студенттердин тил билүү денгээлдерин көтөрүү максатында “Мыкты сабак” жобосу иштелип, Ректор тарабынан бекитилген. Ошол жобого ылайык ОшМУнун кессиптик бирлик комитети тарабынан сынактын жыйынтыгында 5000 сом жана I даражадагы диплом менен Тунук Аширова, Ызаткан Юсупова сыйланышты. 4000 сом жана II даражадагы диплом Канымбү Коңурбай кызы менен Жаңылмырза Садык кызына берилди. Сыйлыктарды бүгүн, 26-сентябрда окуу жайдын административдик кеңешинде ректор Кудайберди Кожобеков тапшырды. Сынак быйыл февраль айында башталып, майга чейин созулган.
62 16:16 05-10-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 >|