Жанылыктар

ОшМУ - Табият таануу: PhD докторантурага кабыл алуу

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агротехнологиялар институтунда 2024-жылдан баштап 520200 - “биология” (программа жетекчи, б.и.к., доцент Абдыкааров А.М.) жана 600200 - “туризм” (программа жетекчи, г.и.д., профессор Низамиев А.Г.) багыттары боюнча PhD докторантурага кабыл алуу башталып, азыркы күндө биология багытында 4, туризм багытында 1 докторант окуп жатат. 2025-жылдын 4-октябрында жаңы окуу жылына кабыл алуу болуп, биология багытына биздин 3 бүтүрүүчү (алардын ичинен экөө медфакта, бирөө Таиладда иштеп жатат), туризм багытына биздин 1 бүтүрүүчү, Кытайдын Гуйлинь университетинин 1 бүтүрүүчүсү кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырышты. Биздин институт билим берүүнүн эң жогорку баскычын эл аралык талаптарга шайкеш ишке ашырып келет.
64 03:40 06-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|