1-курстардын студенттери үчүн “Адаптациялык жумалык” өткөрүлдү.
09:50
06-10-2025
79
2025-жылдын 26-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде 1-курстардын студенттери үчүн “Адаптациялык жумалык” өткөрүлдү. Иш-чараны медициналык колледжинин директору, м.и.к., доцент З.С.Арынов ачып берди. Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана алдын алуу, коомчулук менен өз ара аракетенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалыевна жана Ош шаардык наркология бөлүмүнүн директору, врач -нарколог Атабаев Бакыт Таштемирович синтетикалык баңгизаттардын жайылышы, анын зыяндуулугу жана аны мыйзамсыз таркатуу жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берип, видеороликтерди көрсөтүштү. Ал эми медициналык колледжинин Аялдар кеңешинин төрайымы Чотурова Уулкыз Абдысатаровна студенттердин кийинүүсү, өзүн алып жүрүүсү, кесипке багыт алуусу боюнча маалымат берди.Соңунда студенттер менен пикир алмашуу болду.
Иш-чараны медициналык колледжинин Аялдар кеңешинин жалпы жамааты тарбия иштери боюнча директордун орун басары Исманалиева Жылдыз Абдимиталиповна менен биргеликте өткөрүштү.