2025-2026- жаңы окуу жылынын алгачкы педагогикалык кеңешмеси болуп өттү.
09:57
06-10-2025
70
30-сентябрь күнү медициналык колледжинде 2025-2026- жаңы окуу жылынын алгачкы педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Кеңешме жүрүшүндө директоодун окуу иштер боюнча орун басары Данахан Калкожоевна өткөн окуу жылындагы иштин жыйынтыгы боюнча жылдык отчет жана жаңы окуу жылына коюлган негизги багыттар боюнча билдируу жасады.
Окуу процессин өркүндөтүү, медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, студенттердин кесиптик даярдыгын күчөтүү жана тарбиялык иштерди өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Жаңы окуу жылы биздин колледж үчүн ийгиликтүү, жемиштүү жана жаңы жетишкендиктерге бай болсун деп медициналык колледждин директору, доцент З.С. Арыновдун каалоо тилеги менен жыйын жыйынтыкталды.!