5-Октябрь – Мугалимдер күнү менен медициналык колледжинин "Табият таануу жана так илимдер" ПЦКсынын жаамааты колледждин жалпы профессордук- окутуучулук курамды куттукташты.
Урматтуу медициналык колледжибиздин окутуучулары!
Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана чын ыкластуу мээнетиңиздер – ар бир студенттин билимдүү, боорукер жана кесипкөйлүгүнө жол ачып келет.
Медицина тармагында окутуу – жөн гана сабак берүү эмес, бул жаш адистерди адам өмүрүн сактап калууга даярдоо. Бул улуу миссияны аркалап келе жатканыңыздар үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!
Сиздердин эмгегиңиздер – коомдун саламаттыгына кошкон эң чоң салым!
Бардык окутуучуларыбызды майрам менен куттуктайбыз! Ден соолугуңуздар бекем, сабыр-төзүмүңүздөр түгөнбөсүн, чыгармачылык жана кесиптик ийгиликтер дайыма жолдошуңуздар болсун!
Мугалимдер күнү кут болсун!