Жанылыктар

5-Октябрь – Мугалимдер күнү белгиленди.

5-Октябрь – Мугалимдер күнү менен медициналык колледжинин "Табият таануу жана так илимдер" ПЦКсынын жаамааты колледждин жалпы профессордук- окутуучулук курамды куттукташты. Урматтуу медициналык колледжибиздин окутуучулары! Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана чын ыкластуу мээнетиңиздер – ар бир студенттин билимдүү, боорукер жана кесипкөйлүгүнө жол ачып келет. Медицина тармагында окутуу – жөн гана сабак берүү эмес, бул жаш адистерди адам өмүрүн сактап калууга даярдоо. Бул улуу миссияны аркалап келе жатканыңыздар үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин эмгегиңиздер – коомдун саламаттыгына кошкон эң чоң салым! Бардык окутуучуларыбызды майрам менен куттуктайбыз! Ден соолугуңуздар бекем, сабыр-төзүмүңүздөр түгөнбөсүн, чыгармачылык жана кесиптик ийгиликтер дайыма жолдошуңуздар болсун! Мугалимдер күнү кут болсун!
82 10:11 06-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|