Жанылыктар

Коомдук жайда кыздардын өзүн-өзү алып жүрүүсү

2025-жылдын 23- сентябрында финансы-юридикалык колледжинин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Акматали уулу А., Бакашов М. жана аялдар кенешинин төрайымы Шарип кызы А. тарабынан 1- курстарынын студент кыздарына «Студент кыздардын окуу жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, кийинүү маданияты жана өздүк гигенасы жана өспүрүм кыздарга жасалган ыплас аракеттердин алдын алуу» деген темада жыйын өтүлдү. Жыйынга Ош Шиибнын Ак буура милиция бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, милициянын майору Алымкулова А.Н., улук лейтенант Арынова Н. С., улук лейтенант Алмазбек кызы Бермет катышып, кыздарга таалим- тарбия багытында бир нече маалыматтарды, коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, коопсуздугу жана кийинүүнүн маданияты боюнча акыл – насаат сөздөрүн айтышты жана студент кыздар да өз ойлору менен бөлүшүп, талкуулашты. Жыйынтыгында кыздардын окуу жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, жана кийинүү маданияты талапка ылайыктуу болушу баса белгиленип айтылды.
54 11:01 06-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|