Жанылыктар

Кытай Эл Республикасынын Улуттук майрамына арналган спорттук иш-чара!

Конфуций институтунда Кытай Эл Республикасынын Улуттук майрамына карата окутуучулар менен студенттердин катышуусунда спорттук иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын башында жергиликтүү окутуучулар жана студенттер Кытай тараптан келген окутуучуларды чын дилден майрамы менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин жолдошту. Андан соң көңүлдүү жана достук маанайдагы спорттук мелдештер башталып, катышуучулар команда болуп биримдикте таймашышты. Окутуучулар да, студенттер да чоң энергия, ынтымак жана спорттук рух менен катышып, жюрилер үчүн эң мыктысын тандоо абдан кыйын болду. Бул күн – достуктун, биримдиктин жана маданий түшүнүшүүнүн күнү болду десек жаңылышпайбыз. Конфуций институтунун жамааты дагы бир жолу ынтымак менен биргеликтин чыныгы маанисин көрсөтө алышты!
57 02:41 07-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|