Кытай Эл Республикасынын Улуттук майрамына арналган спорттук иш-чара!
02:41
07-10-2025
59
Конфуций институтунда Кытай Эл Республикасынын Улуттук майрамына карата окутуучулар менен студенттердин катышуусунда спорттук иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын башында жергиликтүү окутуучулар жана студенттер Кытай тараптан келген окутуучуларды чын дилден майрамы менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин жолдошту.
Андан соң көңүлдүү жана достук маанайдагы спорттук мелдештер башталып, катышуучулар команда болуп биримдикте таймашышты. Окутуучулар да, студенттер да чоң энергия, ынтымак жана спорттук рух менен катышып, жюрилер үчүн эң мыктысын тандоо абдан кыйын болду.
Бул күн – достуктун, биримдиктин жана маданий түшүнүшүүнүн күнү болду десек жаңылышпайбыз.
Конфуций институтунун жамааты дагы бир жолу ынтымак менен биргеликтин чыныгы маанисин көрсөтө алышты!