Ош мамлекеттик университетинин Практика жана карьера борборунун улук инспектору Жанарбек Султанов баштаган институттардын, факультеттердин жана коллеждердин практика жетекчилери 3-4-октябрда Өзбекстанда кызматтык сапарда болушту.
Алар Анжиян мамлекеттик университети жана Анжиян педагогикалык институтунда болуп, дуалдык билим берүүнүн Өзбекстандагы ишке ашуу тажрыйбасын жеринен көрүштү. Ошондой эле студенттер менен жандуу баарлашып, окутуу процессине күбө болушту. Мындан сырткары тиешелүү адистер менен талкуулар жүрүп, билим берүү системасындагы мыкты тажрыйбалар талданды.
Иш сапардын жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты. Тараптар мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо жана дуалдык билим берүүнү өркүндөтүү боюнча бир катар макулдашууларга жетишти.
Дуалдык билим берүү — теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган заманбап ыкма. Бул ыкма жаштарды келечектеги кесиби менен жакындан тааныштырып, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзөт.










