Жанылыктар

ОшМУнун МФТИТ институтунда аялдар кеңеши уюштурган тарбиялык иш-чара!

ОшМУнун МФТИТ институтунда аялдар кеңеши уюштурган тарбиялык иш-чара! «Бүгүнкү кызга берилген тарбия — эртеңки эненин келечеги» аталышындагы иш-чара студент кыздардын руханий-адептик деңгээлин жогорулатууга, улуттук баалуулуктарды сактоого, коомдук жайлардагы жүрүм-турум жана кийинүү маданияты тууралуу пайдалуу кеңештерди берүү максатында өткөрүлдү. Алгач ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы Сейитказыева Г.И. «Үлгүлүү жүрүм-турум — коомго кошкон салым» деген темада баяндама жасады. Ошондой эле: - Алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, доцент Борбоева Г.М., - МИОТББ кафедрасынын башчысы, профессор Келдибекова А.О. кыз-келиндердин ден соолугун сактоо жана сүт безинин рагы тууралуу кеңири маалымат беришти. Медициналык кызматкерлер да чакырылып, саламаттыкты сактоо боюнча кеңештер берилди. Бул маанилүү иш-чара ОшМУнун МФТИТ институтунун Аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, студент кыздар активдүү катышышты. Бүгүнкү кыз – эртеңки эне, коомдун пайдубалы!
118 07:12 07-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|