Новости

520200 Биология (PhD) багытына кабыл алуу

2025-жылдын 4-октябрында Табия таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун базасында ачылган 520200 Биология багыты боюнча PhD докторантурага № 4863-ФХД/25 29.09.2025 буйругунун негизинде бекитилген кабыл алуу комиссиясы (Эшаров Э.А. – илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, ф. – м.и.к., доцент (төрага); Молдалиев Ж.Т. - аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.к., доцент (комиссиянын төрагасынын орун басары); мүчөлөрү - Атабаев И.Н.- кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, м.и.к., доцент; Стамалиев К.Ы. - зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент; Абдыкааров А.М. - зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти, б.и.к., PhD докторантурасынын 520200 биология программасынын башчысы. доцент; Тажибаев А. – табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын профессору, б.и.д.) өз ишин жыйынтыктады. Аталган багытка тапшырган абитуриенттер Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат: Бопоев Н.О. – учурда Таиланда илимий багытта иштеп жатат, Каримова Ж.К. – медицина факультетинде жана Таиржанова М.Т. – Эл аралык медицина факультетинде илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө. Кабы алуу экзаменинин жүрүшүндө абитуриенттер өздөрүнүн илимге болгон жөндөмдүүлүгүн баяндашып, берилген суроолорго жеткиликтүү жоопторду беришип, «эӊ жакшы» деген баалар менен ОшМУнун Табия таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда ачылган 520200 Биология багыты боюнча PhD докторантурага кабыл алынышты.
113 08:33 08-10-2025

                 

Новости

|< 1 >|