News

«Тел-Кум» долбооруна ОшМУнун окумуштуулары катышууда

2025- жылдын 12-14-сентябрь жана 3-5-октябрь күндөрү ОшМУнун буйругуна (№ 4377-ФХД/25 11.09.2025) ылайык Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институнун окумуштуулары (А.Абдыкааров, К.Стамалиев, С.Абжамилов, Б.Каримов, У.Атабеков) Алай районунун Памир-Алай айыл аймагындагы Талды-Суу айылынын «Тел-Кум» аймагында илимий экспедицияда болушту. Изилдөө иштери аталган аймактагы геомофологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак катмарын, өсүмдүк каптоолорун, байырлаган жаныбарлардын биоартүүлүгүн жана келгин канаттуулардын учуп өтүү (миграциялык) жолдорун аныктоо максатында жүргүзүлдү. Изилдөө учурунда аталган аймактын өсүмдүктөрүн жана жаныбарларын инвентаризациялоо үчүн түрдүк курамдары аныкталууда.
Келечекте Талды-Суу айылынын «Тел-Кум» аймагынын 100 га аянтына кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электростанциясын куруу пландалууда. Бул долбоорду «БЕК-Кыргыз» жоопкерчилиги чектелген мекеме ишке ашырып жатат.
Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча долбоорду иш жүзүнө ашыруу учурунда курулуш иштеринин биоартүрдүүлүккө тийгизген таасирлери аныкталат.
67 05:53 09-10-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|