Haber

Ташкент шаарына уюштурулган мобилдүүлүк жемиштүү болду


Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын доц. С.М. Амиралиев баштаган профессордук-окутуучулук курамы: доц. Жолдошева А.К., улук окутуучулар Осмонова Н.А., Арзыматова Ж.Э., Жусубалиева М.Т., Адылбекова Б.У., Гаипова А.Н. академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу максатында 8-10-октябрь күндөрү Өзбек мамлекеттик чет тилдер университетине (ӨМЧТУ) барып келишти.

Иш сапардын алкагында алар аталган университеттин педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу тармактык борборунда курстан өтүшүп, проф. Л.Т. Ахмедова, проф. А.Б. Рахмонов, доц. Г.Г. Раджабова ж.б. сыяктуу чебер адистердин лекцияларына жана семинарларына катышып, өз ара тажрыйба алмашуу боюнча жолугушууларды өткөрүшүп, жыйынтыгында ректор, проф. Илхомжон Мадаминовичтин колунан билимди өркүндөтүүнү тастыктаган сертификаттарды алышты.

Академиялык мобилдүүлүктүн жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн окуу жана илимий потенциалын өнүктүрүү, окутуунун алдыңкы усулдары, инновациялык ыкмалары жана заманбап билим берүү технологиялары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Тиешелүү бөлүмдөрдүн, кафедралардын иш кагаздары, окуу-методикалык колдонмолору, билим берүү программалары менен таанышышып, окуу жайдын корпустарына, жатаканаларына, илимий китепканасына жана музейине саякат жасашты.

Натыйжада ОшМУнун “Социалдык-гуманитардык дисциплиналар” кафедрасы менен ӨМЧТУнун “Англис тилин окутуунун методикасы №3”, “Англис тилинин котормо практикасы бөлүмү” кафедраларынын ортосунда кызматташтык келишимдери түзүлдү.
31 02:48 13-10-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|