9–10-октябрь күндөрү Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылындагы стадиондо Ош мамлекеттик университетинин футбол клубунун кубогу жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага факультеттер жана институттардын окутуучулары менен студенттеринен түзүлгөн 12 команда катышты.
Эки күнгө созулган мелдеш жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучулар арасында чыныгы спорттук дух жана достук маанай өкүм сүрдү. Жыйынтыгында Кыргыз-Кытай факультетинин курама командасы мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Командага кубок жана 18 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.
Бул жеңиш — факультеттин биримдигин, тынымсыз эмгегин жана спортко болгон кызыгуусун айгинелеген маанилүү жетишкендик болуп саналат.
Ош мамлекеттик университети жеңүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктайт. Спорт аркылуу ынтымакты, достукту жана дени сак жашоо образын жайылтуу иштери мындан ары да улантылат.