2025-жылдын 10-сентябрында Табият таануу, дене тарбия, туризм жана
агротехнологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор Низамиев А.Г.
күндүн 1-жарымында Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин
түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага, ал эми
2-жарымында Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Кыргызстандын көрүнүктүү географтары
жана алардын география илимине кошкон салымы» деген темадагы тегерек столго
катышып келди. Анда Кыргызстандын көрүнүктүү географтары жана алардын
география илимине кошкон салымы, география илиминин тарыхын жана азыркы
маанилүүлүгү талкууланды жана жаштар арасында география илимине болгон
кызыгууну арттыруу маселелери каралды. Профессор Низамиев А.Г. "Ош
мамлекеттик университетинде экономикалык, социалдык жана саясий география
илиминин калыптанышы жана өнүгүүсү" деген темада баяндама жасады.










