Жанылыктар

Erasmus+ KA2: Cyber4CA долбоору боюнча алгачкы онлайн жыйын өттү.

Ош мамлекеттик университети катышкан Erasmus+ KA2 Capacity Building программасынын алкагындагы "Development of Innovative Graduate Educational Program in Cyber Security for Digital Labor Market of Central Asia (Cyber4CA)" аттуу долбоору боюнча алгачкы онлайн жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага долбоорго өнөктөш болгон жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышып, алдыдагы максаттар жана иш-пландар талкууланды. ОшМУнун атынан жыйынга проекттин координатору Улукбек Эркебаев катышты жана университеттин бул багыттагы тажрыйбасы жана келечектеги салымы боюнча маалымат берди. Долбоор Борбор Азиядагы санариптик эмгек рыногунун талаптарына жооп берген киберкоопсуздук боюнча заманбап магистратуралык программаларды иштеп чыгууга багытталган.
26 07:40 13-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|