ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасындагы конкурс жыйынтыкталды
10:29
13-10-2025
15
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөрүлгөн «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2025» аттуу конкурста Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Алмазова Нурзат Алмазовна татыктуу түрдө III орунду ээледи.
Бул ийгилик окутуучунун кесипкөйлүгүн, чыгармачыл мамилесин жана заманбап окутуу ыкмаларын натыйжалуу колдонуп жаткандыгын далилдейт.
Куттуктоо:
Кыргыз-Кытай факультетинин жамааты Нурзат Алмазовнаны чын дилден куттуктап, чыгармачылык ийгилик, изденүүнүн жана билим берүүнүн жаңы бийиктиктерин каалайт!