ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АСПИРАНТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА БӨЛҮМҮНДӨ PhD ПРОГРАММАЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ СЫНАКТАР УЮШТУРУЛДУ
03:12
14-10-2025
25
2025-2026 - окуу жылына карата PhD программаларга кабыл алууга жалпысынан 61 документ келип түштү. ОшМУнун PhD докторантурасында 2025-жылдын 4-октябрь күнү адистик боюнча жана 6-октябрь күнү англис тилинен кабыл алуу сынактары өткөрүлдү. PhD программаларга тапшырган 61 PhD докторант кирүү сынактарынан ийгиликтүү өтүштү. PhD программаларга бөлүштүрүлүшү боюнча маалымат төмөндө көрсөтүлдү:531000 - Филология – 10, 580100 - Экономикага – 3, 510400 - Физикага-3, 640200 - Электронергетика жана электротехникага – 1, 600400 - Туризмге – 2, 520200 - Биологияга - 3, Экспер - Коомдук саламаттыкты сактоого – 3, Экспер - Медицинага - 19, 510200 - Колдонмо математика жана информатикага – 11, 710100 - Компьютердик информациялык технологияларга-6.