2025-жылдын 14-октябрында Ош мамлекеттик университетин практика жана карьера
борбору жана индустриялдык-педагогикалык колледжи тарабынан «Дуалдык
окутуунун учурдагы абалы жана келечеги» аттуу тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столдун негизги максаты — дуалдык окутуу процессинин учурдагы абалын
талкуулоо, жетишкендиктер менен кыйынчылыктарды аныктоо жана келечекке багыт
берүү.
- Иш-чарага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Р.А. Арапбаев, академиялык
иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу
башкармалыгынын начальниги Т.М. Папиева, институттар, факультеттер жана
колледждердин практика жетекчилери, адистиктердин программа жетекчилери жана
дуалдык окутууну ишке ашырып жаткан өнөктөштөр (шаардык билим берүү
башкармалыгын адистери жана мектеп мугалимдери) катышышты.
Катышуучулар дуалдык билим берүү — теория менен практиканын айкалышы гана
эмес, билимдин сапатын жогорулатууда абдан маанилүү механизм экенин
белгилешти.
Бул жолугушуу билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоого, студенттерди
жумушчу чөйрөгө даярдоого жана натыйжалуу тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк
берди.
ОшМУ — сапаттуу билим, күчтүү практика, жарык келечек!










