Эл аралык жолугушуу — ОшМУ жана Бухара мамлекеттик университети.
11:27
14-10-2025
64
2025-жылдын 12-октябры
Өзбекстандын Бухара шаарындагы Бухара мамлекеттик университетинин (БМУ) Физика-математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин "Математикалык анализ" кафедрасы менен Ош мамлекеттик университетинин профессору, ф.-м.и.д. Турсунов Д.А. жетектеген делегациянын ортосунда эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жолугушуу болуп өттү.
Эки тараптуу кызматташуунун алкагында алгачкы иш-чара катары "Математикалык анализ" кафедраларынын онлайн форматтагы жолугушуусу пландаштырылды.
БМУнун Илим жана билим берүүнүн алдынкы тажрыйбалары борборунун директору, ф.-м.и.д., профессор Расулов Тулкин Хусенович тарабынан БМУдагы математика багытындагы илимий мектептер жана жетишкендиктер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:
— Академиялык мобилдүүлүк
— QS эл аралык рейтингине кирүү
— Биргелешкен илимий долбоорлор
— Эл аралык программаларга катышуу
Бул жолугушуу — эки университеттин ортосундагы илимий жана академиялык алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга болгон маанилүү кадам.