Haber

Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары кесиптик эмгеги үчүн сыйланышты

14-октябрда Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети билим берүү жана илим тармагында үзүрлүү эмгектенип, жогорку кесиптик чеберчилигин жана коомдук иштердеги активдүүлүгүн көрсөткөн кызматкерлерди сыйлады. Бул маанилүү күндө биздин Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары да татыктуу сыйлыктарга ээ болушту. Факультеттин окутуучусу Үсөн уулу Маматаир “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси менен сыйланса, Шамшиев Нурбек Ардак грамота менен сыйланды. Бул сыйлыктар — устаттарыбыздын көп жылдык эмгегине, адал ишине жана жаш муунга билим берүү жолундагы аракетине болгон жогорку баа. Кыргыз-Кытай факультетинин жамааты сыйланган кесиптештерин чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык өркүндөө жана келечектеги чоң ийгиликтерди каалайт!
14 10:10 15-10-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|